Автоунаа топту жарып өтүп, бир нече метрге чейин жүргөн. Андан соң террорчулар элге карай ок чыгарган.
Француз ММКлары маалымдагандай, автоунаадагы адамдар менен полиция ортосунда дагы атышуу болгон. Тартип сакчылары жарандарды үйлөрдөн чыкпоого чакырууда.
Майрам алдында Францияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Париждеги салттуу аскер парадында 11 500дөй коопсуздук кызматкерлери болгон.