Ссылки доступа

Тажикстанда той жана аш берүүдө ысырап чыгымдарга каршы күрөш жүрүүдө


Салттарды жөнгө салган мыйзам кабыл алынгандан тарта 9 жыл өткөндөн кийин кээ бир аймактарда жаңы эрежелер киргизилүүдө.

Маселен, Гиссар районунун Шуроб кыштагында үйлөнүү тойлоруна же башка майрамдык салтанаттарга бардык айыл тургундарына эмес, той ээлеринин кошуналарына гана катышууга уруксат берилди. Ушул жана айланадагы айылдарда майрамдык иш-чараларга бүт үй-бүлө барбастан, 1 же 2 адам гана катышып келсе болот деген эреже бекитилди.

Мындан тышкары дасторкондун жайылышын көзөмөлдөгөн топторду түзүү сунушу айтылууда. Алар той жана аш берүү атаандаштыкка айланып кетүүсүнө жол беришпейт. Гиссар районундагы кыштактардын биринде жаштар уюмун жетектеген Бахромдун айтымында, дасторконго коюла турган азык-түлүктүн же тыюу салынган товарлардын так тизмеси жок. “Биз болгону чыгымдарды азайтууну сунуштадык. Мисалы, бирөөнүн баласы же энеси каза болуп калса, ал аза күтүп, кайгыга батат. Анын столунда банан, ананас же кымбат баалуу таттуу азыктардын болушу шарт эмес. Биз дасторгонго арзан эле товарларды койсо болот деп сунуштап жатабыз. Анын күйүтүнүн үстүнө карызга батырып коюунун кандай зарылчылыгы бар?”, - дейт ал.

Бахром белгилегендей, бир убакта тойлорду тейлегенге кеминде 30 официант чакырылып калган . “Тойлор өтө чыгашалуу болуп калды. Кызын күйөөгө берген аталар 5-6 миң доллардан карызга баткан. Жаштарга шкаф алып бергенге эле 1500-1800 доллар сарпталып жаткан. Биз тойго кыз тараптан бардык айылдаштары келиши шарт эмес, кошуналары, курбулары жана туугандары келип, эс алып кетсе болот деп сунуштаганбыз. 15-20 курбу, туугандары келип, шишкебек жасап, бийлеп, ойноп кете беришсин”, - деп кошумчалады активист.

Мортеппа кыштагында кичи районду жетектеген Амруллои Исмат Азаттык радиосуна айтып бергендей, мындай чечимдин кабыл алынышына элдин экономикалык абалы начарлаганы себеп болду. Мындай абал Орусиядан эмгек мигранттарынын акча которуулары азайып кеткенден кийин курчуп кетти.

XS
SM
MD
LG