Ссылки доступа

Өзбекстанда аким дыйкандардын буудайын күчкө салып алып коюуда


Буудай тапшыруу боюнча план аткарылбай калгандыктан Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунун акими жергиликтүү дыйкандардын түшүмүнө көз артты. Район жетекчисинин буйругу менен милиция көзөмөлүнүн астында жашоочулардын буудайын комбайн менен чогултуп кетишүүдө.

Самок, Бешкапа, Мунжир, Новкишлок, Ширинбулок жана Сероб айылдарында дыйкандар өстүргөн буудайды бир жумадан бери күчкө салып алып коюшууда.

«Азаттыкка» Яккабаг районундагы булак айтып бергендей, жергиликтүү бийлик тургундардын түшүмүн чогултуу үчүн 40тай милиция кызматкерин жана алты комбайн тартып келди.

- Бизде мындай көрүнүш боло элек болчу. Акимчилик элди ачык эле тоноп баштады. Дыйкандар эмгеги менен өстүргөн буудайды алар күчтөп алып коюуда. Талаага алты комбайн киргизген, алар жашоочулардын буудайын тез эле жыйнап кетти. Нааразы болгондорду милиция дароо сабап, тепкилеп, сооттолгон машинеге отургузуп салат. Түшүмдү жыйнап бүткөндөн кийин гана кайра бошотууда», - дейт биздин булак.

Быйыл жаан аз болгондуктан, өзбек фермерлери буудайдын планын аткара албай калышты. Ар бир райондо дыйкандардын 10-15 пайызы гана өз көлөмүн тапшырды. Мындай абалда акимдер дыйкандардан планды кандай жол менен болсо дагы аткарышын талап кылууда.

Жакында Наманган облусунун акими өсүмдүк жана жүзүм өстүргөн чарбаларга ар бир гектарынан 500 килограммдан буудай тапшырууга буйрук бергени маалым болду. Жыйынтыгында, багбандар буудайды базар баасы менен сатып алып, мамлекетке арзан баада өткөрүп берүүдө.

XS
SM
MD
LG