Буга чейин Украинанын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги украин-орус чек арасында Казакстан менен Кыргызстанга бараткан 59 вагон кармалып турат, ал эми Беларусь менен Орусиянын чегинде дагы 55 вагон жана 50дөй жүк машине кармалды деп билдирген эле.
Басылманын маалыматы боюнча «Укрзализныця» жүктөрдү жеткирүү үчүн альтернативалык каттамдарды сунуштоодо. Маселен, Украина, Грузия жана Азербайжан аркылуу өтчү «Жибек жолу» айтылууда.
2016-жылдын 1-июлунда Орусия өз аймагы аркылуу өтчү украин товарларына кошумча чектөөлөрдү киргизди. Жаңы эрежелер бир катар украин өнүмдөрүнө салынган тыюунун мөөнөтүн 2017-жылдын 31-декабрына чейин узартып, Кыргызстан менен Казакстанга транзит менен өткөн товарларды чектеп, ал эми эмбаргого туш келген же төлөм алына турган товарларды өз аймагы аркылуу өткөрүүгө толугу менен тыюу салат.