Ссылки доступа

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат


Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, быйыл өлкө аймагындагы 3685 адам ажылыкка баруу үчүн каттоодон өткөн. Аларды эмдөө үчүн керектүү дары-дармектер жетиштүү. Эмдөө жараяны 30-июлда аяктайт.

Зыяратчылардын бири тобу 16-августта Бишкектен, 20-августта Оштон сапарга чыгышат.

Ажылыктын быйылкы чыгымдары 2,6 миң доллар деп аныкталган.

XS
SM
MD
LG