Ссылки доступа

Тажикстанда болочок соттор "электен" өтөт


Тажикстанда мындан ары алгач ирет дайындалган соттор адистиги боюнча сынак тапшырат. Болочок фемида өкүлдөрүнүн жөндөмдүүлүгүн Жогорку Сотто түзүлө турган атайын комиссия текшерет. Анын курамына президент администрациясынын өкүлдөрү, Мамлекеттик кызматтар комитети жана Жогорку Соттун жетекчилиги кирет.

Бир нече күн мурун өлкөдө “Соттор жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, тажик парламентинин жогорку палатасы колдогон. Сынак дагы ошого байланыштуу өткөнү жатат.

Болочок соттор он бөлүмдөн турган сынак тапшырат. Баш мыйзамдан тартып, кылмыш-процессуалдык кодекстерге чейин билиши абзел.

Соттордун адискөйлүгүн, сабаттуулугун жогорулатуу максатында дагы аларды сындан өткөрүү муктаждыгы келип чыккан. Бир жыл мурун бул системада иштөөнү каалагандарга жат жазуу сынагы киргизилген. Анда жүздөгөн талапкер тажик тили боюнча эки алган.

Учурда Тажикстанда 500дөй сот иштейт, алардын ичинен 100дөн ашууну аялдар.

XS
SM
MD
LG