Ссылки доступа

Өзбекстанда эстрада ырчыларына кайрадан нааразы болушууда


«Узбекнаво» эстрадалык бирикмеси белгилүү ырчы Шахзоданын жаңы ырын кескин сынга алды. Чыгарма өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган.

Маданият ишмерлери жана журналистттердин катышуусундагы маалымат жыйынында Өзбекстандын Эл артистти Шухрат Каюмов жаш ырчылардын маңызсыз ырлары туурасында өз пикирин билдирди. Өзгөчө ал Шахзоданын “Өзбегим” чыгармасына токтолуп, аны өтө сындады.

«Белгилүү ырчылардын бири телекөрсөтүү аркылуу чыгып: «Сага болгону 25 жаш толду, менин сүйүктүү өзбегим» деп ырдап жатат. Менимче, поэзиянын чыныгы маңызын түшүнбөгөнүн ал дагы бир жолу тастыктады. Өзбек эли болгону 25 жашка чыкты деген эмне? Өзбекстандын көз карандысыздыгына 25 жаш болду, өзбек элине эмес!» – деди Каюмов.

Анын пикиринде, мындай алешемдиктерге жол бербөө үчүн «Узбекнаво» алдында көркөм кеңеш түзүү керек. Анан ар бир музыкалык чыгарманы обого чыгаруу алдында электен өткөрүү зарыл. Басма сөз жыйынына катышкандар артистти толук кубатташып, тарыхы бай өзбек элин мындай чыгармалар аркылуу чагылдырууга болбой турганын белгилешти.

Маданият ишмерлеринин кыжырын кайнаткан бул чыгарманын сөзү белгилүү Эл акыны (сенаттын өкүлү) Ихбол Мирзого таандык. Демек, сын биринчи кезекте Шахзодага эмес ага жолдонушу керек эле.

XS
SM
MD
LG