Ссылки доступа

Путин WADA баяндамасын “геосаясий басымга” байланыштырды


Президент Владимир Путин Дүйнөлүк допингге каршы агенттигинен (WADA) Орусиянын укук коргоо органдарына допинг шылуунчулук фактылары боюнча “толугураак, бейтараптуу” маалымат берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу Кремлдин сайтында айтылат.

Путин кошумчалагандай, WADA баяндамасында допинг текшерүүлөрдү алмаштырып коюуга түз тиешеси бар болгон кызматтагы адамдар иликтөө бүткөнгө чейин иш орундарынан бошотулуп турат. Антидопинг агенттиги жарыялаган айыптоолорду президент четке каккан жок, бирок аны “спортту геосаясий басымдын куралына айландыруу аракети” катары сыпаттады.

Дүйшөмбүдө WADA баяндамасын жарыялап, Орусиянын допингге каршы лабораториялары спортчулар тыюу салынган препараттарды колдонгон учурларды билип туруп жашырганын айтып чыкты. Ал эле эмес, спортчулардын анализдерине байланыштуу шылуунчулукка Федералдык коопсуздук кызматынын дагы тиешеси бар экени белгиленди.

WADA орус спортчуларын бардык эл аралык мелдештерден четтетүүнү сунуштады.

XS
SM
MD
LG