Мухаммади Рахматуллонун жактоочусу соттун өкүмүнө макул эместигин, жогорку инстанцияга кайрыларын билдирди.
Рудаки районунун 43 жаштагы тургуну Мухаммади Рахматулло быйыл февралда камалган. Исламабаддагы Эл аралык ислам университетинин шарият факультетинде төрт жыл окугандан кийин мекенине кайтып келген. 2000-жылдын ортосунда өлкөдө “Салафия” кыймылы жигердүү иштеп баштаганда ал салафиттер менен салттуу дин кызматкерлеринин ортосундагы талаш-тартыштарда негизги жарчы кызматын аткарган.
«Салафия» кыймылына 2009-жылы тыюу салынгандан кийин Мухаммади Рахматулло көрүнбөй калган. Былтыр январда анын кармалгандыгы туурасында маалымат тарап, бирок укук коргоо органдары бул фактыны тастыкташпаган. ИИМ башчысы өткөн жылы “Салафиянын” бир нече мүчөлөрү колго түшкөнүн айтып, бирок алардын арасында Мухаммади Рахматуллонун бар экенин ачыктаган эмес.
Мындан соң тажик басылмаларында Мухаммади Рахматуллонун тыюу салынган Тажикстан Ислам кайра жаралуу кыймылына каршы материалдары чыккан. Ал уюмдун мүчөлөрүн “чет элдик саткындар” деп атаган.