Ссылки доступа

Германияда поезд жүргүнчүлөрүнө кол салган адам өлтүрүлдү


Кол салган адам окуя болгон жерден качууга аракет кылганда полиция тарабынан тындым кылынган. Deutsche Welle кабарлагандай, кылмышка Оксенфурт шаарында жашаган 17 жаштагы ооган жараны шектелүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча жаш жигит Германияга жакында эле келген качкын болгон. Анын батиринде Орусияда тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жасалма желеги табылган. Бул тууралуу Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херрман билдирди.

Кол салуунун мотивдери азырынча тактала элек.

XS
SM
MD
LG