Ссылки доступа

Бишкекте түнкүсүн катуу азан айтууга чектөө киргизилет


Бишкекте түнкү убакытта үн күчөткүчтө бийик денгээлде азан айтууга чектөө киргизилет. Шаардык санэпидкөзөмөл борбору кечкисин мечиттерде чакырылган азандын үнүн азайтуу боюнча жарандардан көп арыз түшкөнүн билдирди.

Бул жаатта Мусулмандар дин башкармалыгы менен сүйлөшүү жүргөнүн муфтийдин орунбасары Акимжан Эргешов “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Шаардагы тартипти сактоо боюнча санэпидкөзөмөл борборуна убада бергенбиз. Азыр иштер аткарыла баштады. Мечиттердеги молдолор менен сүйлөшүп, түнкүсүн азан айтып жаткан кезде коомчулукка зыян келтирбөө боюнча эскертүүлөрдү бердик. Кечинде үн күчөткүчтүн добушу азайтылат, биротоло өчүрүлбөйт. Анткени, ошол азанды күтүп отургандар да бар”,-деди ал.

Санэпидкөзөмөл борбору талаптын аткарылышын байкоого аларын билдирди.

Шарият эрежеси боюнча мечиттерде күнүгө беш маал азан чакырылат. Үч ирет күндүз, бир жолу кечки саат ондордо, бир ирет таңкы саат төрттөрдө айтылат.

XS
SM
MD
LG