Ссылки доступа

Трамп президенттике расмий түрдө талапкер болду


АКШнын Республика партиясы миллиардер Дональд Трампты расмий түрдө президенттик шайлоого талапкер катары жылдырды.

Огайо штатынын Кливленд шаарында өткөн делегаттардын съездинде өткөн добуш берүү жараяны саясий өнөктүктөгү эң кызуу учур болду. Трамп 16 атаандашын артка таштап, алдыга чыкты. Ал 21-июлда талапкер болуу жөнүндөгү сунушту расмий түрдө кабыл алат деп күтүлүп жатат.

Ал ортодо анын соңку билдирүүлөрү дагы деле талаш-тартыш жаратууда. Трамп мусулмандарды АКШга киргизбөөгө, Мексика менен болгон чек арага дубал курууга үндөгөн. Ошондой эле аялдарга акарат келтиргенин айрым республикачылар, маселен АКШнын мурдагы президенти Жордж Буш дагы ынтымакка доо кетиренин белгилеген.

Күтүлүп жаткандай, Трамптын атаандашы катары мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон чыгат. Демократиялык партия кийинки аптада Филадельфияда съезд өткөрүп, ал талапкер катары жарыяланары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG