Ссылки доступа

Эл аралык операциянын жүрүшүндө терроризмге шектелген 15 адам кармалды


Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусия биргелешип жүргүзгөн “Чануб – 2016” аталышындагы чек арада болгон атайын операциянын алкагында, экстремизм менен терроризмге тиешеси бар делген 15 адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын операция 2016-жылдын 6-29-июнь аралыгында үч этапта өткөн. Иш-чара КМШ чөлкөмүндөгү ар кандай кылмыш иштерине бөгөт коюу максатында уюштурулган. Чек арачылардан тышкары операцияга жогорудагы өлкөлөрдүн укук коргоо органдары да катышты.

Операциянын жүрүшүндө чек арадагы кооптуу деп саналган айрым тилкелерге убактылуу чек ара тосмолору коюлду. Мындан тышкары өткөрмө бекеттерде да көзөмөл күчөтүлдү.

“Чануб – 2016” операциясынын алкагында мамлекеттик чек араны бузгандар, легалдуу эмес мигранттар, террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар делгендер жана издөөдө жүргөндөр кармалды. Ошондой эле курал-жарак, маңзаттар да табылды.

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, атайын операциянын катышуучулары тапшырманы так аткара алды.

XS
SM
MD
LG