Ссылки доступа

Донбасстагы кагылышуунун эки тарабы тең адам укуктарын бузууда


Мындай фактылар Amnesty International жана Human Rights Watch укук коргоо уюмдарынын биргелешкен баяндамасында айтылат.

Украинанын чыгышындагы кагылышуу болуп жаткан аймакта украин бийлиги да, жикчилдер да адам укуктарын сактабай жатканы белгиленди.

Биргелешкен баяндамада Amnesty International менен Human Rights Watch уюмдары жай тургундар мыйзамсыз камалып, абактарда узак убакытка кармалган фактылар бар экенин айтышты. Мындан тышкары, жашоочулар белгисиз жерлерде кармалып, кыйноого учураган учурлар болгону белгиленди.

Расмий түрдө баяндама 21-июлда Киевде жайгашкан Украиналык кризистик медиа борбордо жарыяланат.

XS
SM
MD
LG