Ссылки доступа

Өлкөдө президенттик шайлоого алгачкы талапкер пайда болду


Адахан Мадумаров 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. “Мен үчүн президенттик даража элге кызмат кылуунун, максаттарымды ишке ашыруунун каражаты болуш керек”, - деген Мадумаров добуш берүү таза өтүшү зарылдыгын белгиледи.

Аны менен кошо маалымат жыйын курган Феликс Кулов президенттик шайлоодо ат салышуу ага кызыксыз экенин айтты, бирок азырынча бир чечим кабыл ала электигин кошумчалады.

Эки саясатчы тең Кыргызстанда шайлоо өткөрүү нормаларын өзгөртүүнү сунушташты. Алар добуш берүүнү латвиялык системасын киргизип, өзүн өзү эсептеген сканердик урналарды колдонуу керектигин белгилешүүдө.

Кыргызстанда өткөн жылдан тарта шайлоолордо акылдуу урналар колдонула баштаган. Анда бюллетендер автоматтык түрдө саналат.

XS
SM
MD
LG