Ссылки доступа

Дүйшѳмбүдѳ ЦУМдун имараты бузулат


Архитектура жана курулуш боюнча комитеттин тѳрагасы Жашмед Ахмадзода басма сѳз жыйынында билдиргендей, Дүйшѳмбүнүн башкы планына ылайык Борбордук универсалдык дүкѳндүн (ЦУМ) имараты алынып, анын ордуна бийик имараттар курулат.

“Учурда бул имарат президенттин аппаратынын кѳзѳмѳлүндѳ. Биз “Тажикстандын соода борборун” кайра куруу долбоорун даярдап чыктык. Шаардын борбордук кѳчѳлѳрүн камтыган районду оңдоо долбооруна ылайык, бул имарат алынат”, - деди ал. ЦУМдун бузула турган күнүн аткаминер айткан жок. Болгону, каатчылык бүтүп, бюджетте каражат пайда болгондо иш башталарын кошумчалап койду.

Дүйшѳмбүнүн борбордук бѳлүгүндѳ жайгашкан үч кабаттуу универсалдык дүкѳн 1960-жылы курулуп, шаардын жана башка аймактардын башкы соода борбору деп эсептелип келген. 1993-жылы анын кызматкерлери базар экономикасына ѳтүү боюнча мыйзам кабыл алынганда ЦУМду жеке колго ѳткѳрүп алышкан.

Бирок, 23 жыл ѳткѳндѳн кийин тажик бийлиги жарандык согуш жүрүп, туруксуз абал болуп турганда дүкѳн мыйзамсыз менчиктештирилген деп эсептейт. Бир нече ээси алмашкандан кийин ѳкмѳттүн токтому менен соода борбору президенттин аткаруу аппаратына ѳткѳрүлгөн.

XS
SM
MD
LG