Ссылки доступа

Эрдоган үч айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады


Түркия президенти Режеп Эрдоган ѳлкѳдѳ үй айга ѳзгѳчѳ кырдаал киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу ал 20-июлда ѳз кабинети жана Улуттук коопсуздук Кеңеши менен жолугушууда түз эфирде айтты. Мындай чечимди мамлекет башчысы 15-июлдагы тѳңкѳрүш аракетинен кийин кабыл алды.

Буга чейин Эрдоган Al Jazeera телеканалы менен курган маегинде чет ѳлкѳлѳр тѳңкѳрүшкѳ катышуусу мүмкүн деп айтып, бирок так бир ѳлкѳнү атаган эмес. Президент тѳңкѳрүштүн артында АКШда жашаган имам Фетхуллах Гүлен турат деп билдирген.

Ошондой эле Эрдоган Түркияда демократия коркунучта турат, ал ѳзү болсо авторитардык башкаруучу болуп баратат деген кептерди четке какты. “Биз демократиялык парламенттик системада кала беребиз, андан эч качан кайтпайбыз”, - деди ал.

Ѳлкѳ башчысы билдиргендей, ал ѳлүм жазасын кайтаруу чарасын Түркиянын Европа биримдигине кирүүсүнѳ коркунуч жаратса дагы колдойт.

Бир катар ѳлкѳлѳрдүн тышкы иштер министрлери Вашингтондо, 20-июлда, тѳңкѳрүш аракетинен кийин башталган массалык репрессияларга кабатыр экенин билдирип, Түркияны мыйзамдын үстѳмдүгүн сыйлоого чакырышты.

XS
SM
MD
LG