Ссылки доступа

Назарбаевден Матаевдин ишин жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүштү


Казакстандын коомдук ишмерлери Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин айланасындагы абал боюнча президент Нурсултан Назарбаевге кайрылышты. Кайрылууда өлкө башчысы Матаевдин иши боюнча тергөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлгө алсын деген өтүнүч айтылат.

Президентке жолдонгон кайрылууга ырчылар, акындар, журналисттер, финансисттер, актерлор, жазуучулар, режиссерлор жана башкалар кол койгон. Алар тергөөнүн жүрүшүнө, прокуратура жана соттун ишине баа берүүнү көздөгөн жок, бирок «Матаев күнөөлүү эместигин далилдеп бере аларынан күмөн санабай турганын» белгилешти. Матаев ага коюлган айыпты моюнуна албай, аброюн сотто коргоого даяр деп кайрылууда айтылат.

Журналисттер бирикмесинин төрагасы 24-февралдан тарта үй камагында кармалып турат. Марттын аягында үй камагына анын уулу Асет Матаев дагы алынган. Алгач алар өзгөчө чоң өлчөмдө бюджеттик каражаттарды уурдаган жана ири өлчөмдөгү салыктан качкан деп айыпталса, кийинчерээк коюлган айып «өзгөчө чоң өлчөмдөгү алдамчылык» беренесине которулган. Матаевдер күнөөсүн четке кагып келет.

Май айында бирикменин төрагасына коюлган айып өтө оор эмес беренеге которулган. Ушундай эле чечим Асет Матаевге карата кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG