20-июлдан 26сына чейин Актөбө шаарынын аба майданы аркылуу транспорттук жана аскерий авиация учат деп “Актөбө акпараттын” билдирүүсүндө айтылат. Шаарда Орусиядагы аскерий иш-чарага катыша турган учактар конууда.
Аскерий коргонуу күчтөр институтунун башчысы Талгат Бегелдиновдун айтымында, Казакстандын аба күчтөрү Орусияда өтө турган “АрМИ-2016” эл аралык оюндарына катышат.
Билдирүүдө айтылгандай, жалган маалымат тарап, Актөбө тургундарын дүрбөлөңгө салбаш үчүн авиация аба майданга коно турганы боюнча элге кабар берилүүдө.