Ссылки доступа

Керри: АКШ НАТОну толугу менен кубаттайт


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри НАТОнун Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүн Кошмо Штаттар аларды жактай турганына ынандырды.

Вашингтондо Керри маалымдагандай, азыркы президенттин администрациясы мурдагыдай эле – республикачыларбы же демократтарбы альянсты толугу менен кубаттайт жана Түндүк атлантика келишиминин 5-беренесинде жазылгандай, коопсуздук тармагындагы милдеттенмелерин аткарат.

Бул беренеге жараша, бир өлкөгө куралдуу кол салуу - келишимге кол койгон бардык өлкөлөргө жасалган чабуул катары сыпатталат. Керри кошумчалагандай, АКШнын мындай көз карашы принципиалдуу болуп эсептелет.

АКШнын мамлекеттик катчысы мындай билдирүүнү 20-июлда америкалык New York Times гезитине чыккан Дональд Трамптын маегинен кийин таркатты. Ал АКШ президенти болуп калса, Орусия Балтия өлкөлөрүнө кол салса, токтоосуз жардамга кол сунбай тургандыгын билдирген.

Трамптын айтымында, жардам берүүдөн мурун алгач бул өлкөлөрдүн АКШ алдындагы милдеттенмелерин иликтеп чыкмак. Президенттике талапкер мындан тышкары америкалык өнөктөштөр анын көз карашына көнсө жана алар “Вашингтондун марттыгынан” пайдаланууну токтотсо гана аталган келишимди сактоого ыктай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG