Ссылки доступа

Росавиация Түркияга туруктуу аба каттамдар үчүн уруксат берди


22-июлдан тарта Росавиация Орусиядан Түркияга туруктуу каттамдарды жандандырууга уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлүнө таянып «Интерфакс» кабарлады.

Мындай чечим Анкара Түркияда жүргөн орус жарандарынын коопсуздугу бекем камсыздалат деп убада бергенден кийин кабыл алынды.

«Аэрофлоттун» сайтында компания Стамбул жана Антальяга билеттерди кайрадан сата баштаганы айтылат.

Түркияда 16-июлга караган түнү болгон төңкөрүш аракетинен кийин Орусия авиакомпанияларга бул өлкөгө аба каттамдарды жүргүзүүгө убактылуу тыюу салган. Орусиялыктарды Түркияга жеткирүүгө бөгөт коюлганы менен Түркиядан Орусияга жарандарын чыгарып кетүү уланган.

XS
SM
MD
LG