Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун денесинин 65 пайызы күйүкө чалдыккан. Бул факты боюнча “Өзүн өзү өлүмгө түртүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Шербой Райимовдун туугандары маалымдагандай, өткөн жума күнү ал иниси менен чогуу үйүнө келе жатып, Шерабад көпүрөсүндө түшүп калган. Жолдо ал бир литр бензин сатып алып, коопсуздук кызматынын райондук бөлүмүнө келип, өзүн өрттөп жиберген. Май айынан бери ал дүрбөлөнгө түшүп, өзүн начар сезип жүргөн.
– Ал бала чагынан бери экинчи топтун майыбы. Начар көрчү. Үч баласын майыптыгы үчүн алган жөлөк пулдун эсебинен бакчу. Аялы семичке сатчу. Шербой май айынан бери сыртка чыккандан коркуп, делөөрүп жүргөн. Ал дайыма УКК кызматкерлери аңдып, жайына коюшпай жүргөнүн, соодасын тартып алууга аракеттенип жатышканын айта берчү. Бирок эч качан ким жана кандай ыкма менен анын изине түшкөнүн билдирген эмес, – деди Шербойдун тууганы.