Ссылки доступа

Хакасияда абакта тополоң чыкты


Хакасиянын Абакан шаарындагы түзөтүү колониясындагы массалык баш аламандык боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында республиканын Тергөө комитети билдирет.

Камактагы 242 кишинин катышуусундагы тополоң жекшемби күнү кечинде башталган. Козголоңду дүйшөмбү күнү таң эрте гана басууга мүмкүн болду. Бул үчүн атайын бөлүктүн кызматкерлери тартылды. Баш аламандык учурунда эч ким жабыркаган жок. Абактын бир корпусундагы эшиктер, эмеректер талкаланып, зыянга учурады.

Алдын ала маалыматтар боюнча тополоңду автоунаа уурдап соттолуп, жума күнү карантинден келген жаран уюштурган. Баш аламандыктын катышуучулары режимди жумшартууну, маселен, атайын эн белгиси бар кийимдерди кийбөөнү, каалаган жерде чылым чегүүнү, ошондой эле каалаган учурда сыйынууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG