Ссылки доступа

Казакстан жана Бразилия визасыз каттамга өтөт


Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтар Тлеуберди жана Бразилиянын Казакстандагы элчиси Деметрио Буэно Карвальо бүгүн Астанада Казакстан жана Бразилиянын ортосунда  визасыз каттам жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документ эки өлкөнүн жарандарына визасыз 30 күн жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Мухтар Тлеуберди эки өлкө ортосундагы визасыз режим боюнча макулдашууну Олимп оюндарына чейин ишке киргизүүгө аракет кыларын билдирди. Рио-де-Жанейродогу спорттук мелдештер 10 күндөн кийин башталат.

« Бул макулдашуу ишке кирип, биздин жарандар Олимпиада оюндарына күбө болуу үчүн Риого визасыз барып келүүгө мүмкүнчүлүк алат деп үмүттөнөм. Бардык иш-чараларды аягына чыгарууга үлгүрөбүз деген ишенимдемин»,- деди Мухтар Тлеубердиев

Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндары ушул жылдын 5- августунан 21- августуна чейин өтөрү күтүлүүдө.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өткөн жылы 19 мамлекеттин жарандары үчүн Казакстанда визасыз жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө узартылганын маалымдаган. 2017-жылдын 31-декабрына чейин Казакстанга визасыз каттам Австралия, Венгрия, Италия, Монако, Бельгия, Испания, Нидерланд, Норвегия, Швеция, Малайзия, Бириккен Араб эмирлиги, Сингапур, Улуу Британия, АКШ, Германия, Финляндия, Франция, Швейцария жана Жапониянын жарандары үчүн ачык.

XS
SM
MD
LG