Ссылки доступа

Тажикстанда балдарды уурдагандар кармалды


Тажикстан укук коргоо органдары акыркы бир нече жылдан бери Дүйшөмбүдөгү балдарды уурдоо менен алектенген уюшкан топту кармашты. Тажикстан Ички иштер министрлигиндеги булак бул маалыматты тастыктады. Топтун үч мүчөсү 20-июлда 7 жашар кызды уурдап кетүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн.

Окуя «Садбарг» соода борборуна жакын жерде болгон. Аталган чөлкөмдөн буга чейин эже-сиңди Араловалар, кийинчерээк 5 жашар Осия жоголгон. Бир туугандар - Сабина менен Малика Араловалар 2013-жылдын март айында жоголуп кетишкен, ал эми 5 жашар Осия Диловарованын сөөгү Гиссарда табылган. Маалымдалгандай, 7 жашар Ф.Б. аттуу кыз Уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин аракети менен уурдалгандан 20 мүнөт өткөн соң табылган.
Кылмышты 48 жаштагы Матлуба Ахмедова уюштургандыгы айтылууда. Бул аял мейманканалардын бирин ижарага алып, укалоо кызматын көрсөтүп иштечү.
Кылмыштуу топ ижарага алган батирди тинтүү учурунда операция жасоочу шаймандар, шприцтер, ооруну сездирбей турган препараттар жана балдардын кийимдери табылган. Уурдалган кызды батирге жеткире турчу автоунаада транквилизатор суюктугу менен даярдалган шприц бар болуп чыккан. Тестиердин энеси менен кылмышты уюштурду делген аялдын мамилелери дурус болгон.
Бул арада Матлуба Ахмедова менен анын эки шеригине карата адам уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Алардын бири - дарыгер, экинчиси таксист болуп иштеп келген.

XS
SM
MD
LG