Ссылки доступа

Калеева: Казакстанга ММК жөнүндө жаңы мыйзам керек


«Адил сөз» уюмунун жана Казакстан журналисттер бирикмесинин жетекчиси Тамара Калеева ММКларды көзөмөлдөөнү күчөтүү долбоору жөнүндө сөз кылып жатып, өлкөгө “сапаттуу, жаңы” мыйзам керектигин билдирди.

Бул тууралуу “Адил сөздүн” президенти жана Казакстан журналисттер бирикмесин убактылуу төрайымы Тамара Калеева маалымат жана байланыш министри Даурен Абаевге жолдогон ачык катында жазган.

Анын пикиринде, божомолдонгон өзгөрүүлөр журналисттердин алдына “дээрлик аткарылгыс” тапшырмаларды коет. “Жөнү жок көзөмөлдөбөгөн, коркутуп-үркүтпөгөн, жазалабаган ММК боюнча сапатуу, жаңы мыйзам көптөн бери керек” —дейт Калеева. Катта жазылгандай, жаңы документ казак басылмаларынын атаандаштыгын жаратууга, кретивдүү болууга дем берүүгө, коомдук пикирди пайда кылууга жана чагылдырууну камсыздоого тийиш.

Мыйзам долбоорунда журналисттер кабардын чын-төгүнүн бышыктоого, жеке жашоо жөнүндөгү маалыматтарды ачыкка чыгаруу учүн уруксат алуугага милдеттендирилет. Демилгечилердин пикиринде, жаңы документ журналисттердин социалдык жоопкерчиликтерин арттырып, медиа-чөйрөдө укуктук маданияттарын жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG