Ссылки доступа

Түркияда ондогон журналистти камоого буйрук чыкты


Түркия бийлиги ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштөн кийин 42 журналистти камоо жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдар маалымдады.

Камакка алына турган калемгерлер арасында таанымал комментатор жана мурдагы депутат Назли Иличак да бар. Ал өкмөтчүл “Сабах” гезитинен 2013-жылы коррупцияга малынган министрлерди сындаганы үчүн бошотулган эле.

Түркия 15-июлдагы аскерий төңкөрүш аракетине чейин эле басма сөз эркиндигин чектегени үчүн сындалып келген.

Эми журналисттердин жоон тобун камакка алуу чечими бийликтин андан берип көрүп жаткан жооп чараларынын азырынча акыркысы болду.

Түркияда аскерий төңкөрүш аракетинен кийин кармалган, камакка алынган, иштен бошотулган аскерлер, полицейлер, соттор, мугалимдер, мамлекеттик кызматчылар саны алтымыш миңден ашып кетти.

Президент Режеп Тайып Эрдоган өткөн аптада “эгер эл талап кылса” ал өлкөдө өлүм жазасын кайра калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG