Ссылки доступа

Чуулгандуу GM Uzbekistan автоконцернинин жетекчиси алмашты


GM Uzbekistan автоконцернинин башкы директору болуп расмий түрдө Рустам Ражабов дайындалды. Бул тууралуу корпоративдүү маалыматтардын бирдиктүү порталында айтылат. Ал аткаруучу органдын жетекчиси катары 90 күндүк мөөнөт менен быйыл 18-июлда шайланган.

Ражабов кызматына 20-июлда киришти. Буга чейин Өзбекстан-Америка биргелешкан GM Uzbekistan компаниясынын мурдагы башчысы Тохиржон Жалиловго карата тергөө амалдары ачылган.

Тохиржон Жалилов автоконцернди 2010-жылдан бери башкарып келген. Ушул жылдын апрель айынын этегинде камакка алынган. “Азаттыктын” өзбек кызматынын өз булагы Жалилов Орусияга кылмыштуу жолдор менен автоунааларды экспорттоп турганын, түшкөн кирешени оффшордогу банктарда сактаганын бекемдейт.

«Узавтосаноат» мамлекеттик акционердик компаниясындагы өз булак Жалилов камалгандан кийин ишканага башкаруучу катары сырттан адам алып келүү маселеси көтөрүлгөнүн маалымдаган.

–Кылмыштуу схемаларга тиешеси жок адамды башкы директор кылып дайындоо сунушу колдоо тапкан жок. Заводдогу иштер чиеленишип кеткендиктен, бөтөн адам абалды ого бетер тереңдетип жибермек. Ошондуктан ишканада 20 жыл иштеген Рустам Ражабов заводду убактылуу жетектемей болду. Азыр ал тергөөгө кылмыштуу схемаларды ачууга жардам берүүдө, – деди өз булак.

Адистер болсо Жалиловдун камалышын Өзбекстандагы саясий күчтөрдүн ички күрөшү деп баалашууда.

XS
SM
MD
LG