Ссылки доступа

Тажикстанда калктын банктарга болгон ишеними төмөндөөдө


«Тожиксодиротбанк» кардарлардын айлык акыларын жана жыйнаган акчаларын берүүнү кечеңдеткенден кийин бул системага болгон калктын ишеними төмөндөп кетти. Бул тууралуу Тажикстандын Улуттук банкы билдирет.

Улуттук банктын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзоданын айтымында, «Тожиксодиротбанк» жана «Тожпромбанктын» жетекчилери убактылуу алмаштырылгандан кийин абал турукташып, 12 миң кардар каражаттарын ала алган.

Мындан тышкары «Тожиксодиротбанкка» 45 миллион сомони карыз кайтарылган жана 115 миллион сомониге бааланган салымдарды берүү мөөнөтү узартылган. Дээрлик 17 миллион сомони «Тожпромбанкка» төлөнгөн.

Улуттук банк төрагасынын пикиринде, убактылуу башкарууну киргизүү менен эки банкты банкроттон сактап калууга мүмкүн болду. “Эгер бул каржы мекемелеринде жакшы жетекчилик болгондо мындай кырдаал жаралбайт эле. Убактылуу иштеп жаткан жетекчилердин мөөнөтү 18-августта бүтөт, эгер зарыл болсо алардын иштөө убактысы узартылышы мүмкүн”, -деди Жамшед Нурмухаммадзода.

Бул арада Улуттук банк төрагасы «Агроинвестбанк» банкротко учурашы мүмкүн деген маалымат боюнча кабары жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG