Ссылки доступа

ММК: “Себаттын” Кыргызстандагы мүлкү 100 миллион доллардан ашык


Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик “Анадолу” агенттиги жазган макалада айтылат. Андагы маалыматта Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери тарабынан “Себат” билим берүү мекемесинин 16 лицейи, Silk Road жана Cambridge эл аралык мектеби жана бир университети иштеп жатканы айтылат.

Жалпы “Себаттын” мүлкү 100 миллион доллардан ашык экени жана анда 2200 адам иштеп жатат деген маалымат берилген.

Түркияда 15-июль түнү аскердик төңкөрүш жасоо аракети башталып, аны расмий бийлик АКШДа бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери жасады деп айыптоодо. Мындан соң Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу “гүленчидердин” Кыргызстанда тамыр жайганын билдирип, кыргыз бийликтерин аларга каршы чара көрүүгө чакырган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Чавушоглунун билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп атап, “Себат” мекемелери боюнча чечимди өзү кабыл аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG