Ссылки доступа

Ереванда барымтага алынган дарыгерлердин бири бошотулду


Ереванда шейшембиде барымтага алынган дарыгерлердин бири бошотулду. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун армян кызматы кабарлагандай, эки дарыгер менен бир медайым дагы деле куралдуу топ ээлеп алган полиция имаратында кармалып турат.

Шейшембиде жарадарларга жардам берүүгө келген дарыгерлерди оппозициялык куралдуу топ барымтага алган. Ага чейин полиция бөлүгүнүн аймагында атышуу болуп, имаратты ээлеп алган топтун лидери Павел Манукян жана анын уулу Арам жарадар болгону кабарланган. Дагы эки барымтачы– Гагик Егиазарян жана Арам Акопян күч түзүмдөрүнө багынып берген.

Оппозициялык саясатчы Жирайр Сефиляндын куралдуу тарапкерлери 17-июлда Ереван полициясынын имаратына кол салып, ал жерди ээлеп алган. Жыйынтыгында полициянын полковниги окко учуп, дагы төрт кызматкер жарадар болгон. Кол салгандар жети адамды барымтада дээрлик бир жума кармап турган.

Алар 23-июлда бошотулган. Бирок куралдуу адамдар полиция имаратында кала беришкен. Алар Сефилянды бошотууну жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG