Бул тууралуу ИИМдин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Шариф Назарзода билдирди. Анын айтымында, алгачкы алты айда тыюу салынган уюмдардын лидери делген 130 киши кармалган.
«Мусулман агайындары» — эл аралык диний-саясий уюм, ал 1928-жылы Египетте түзүлгөн. 2013-жылы аталган өлкөнүн президенти Мухаммед Мурси тактан кулагандан кийин кыймыл террордук топтордун катарына киргизилген. Тажикстанда ага 2006-жылдан бери тыюу салынган.
Тажикстан соту өткөн айда “Мусулман агайындары” кыймылынын идеаларын жайылтууда деген айып менен жети имамды ар кыл мөөнөткө түрмөгө кескен. Жыл башында күч түзүмдөрү уюмдун дагы бир мүчөсү кармалганын жарыялаган.