Ссылки доступа

Казакстан: мунайчылар ишке чыгуудан баш тартышты (видео)


Мангистоо облусундагы «Бургылау» компаниясынын жүздөгөн жумушчулары бүгүн убагында ишке чыгышкан жок. Алар жетекчиликке карата талап коюшууда. Жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик ортосундагы сүйлөшүүлөрдө катуу сөздөр айтылды.

Жаңы-Өзөндөгү автобус станциясында чогулган жумушчулар иш саатын кыскартууга жана айлык акыны төмөндөтүүгө каршы чыгышууда. Жумуш берүүчүлөр болсо каатчылыкты, акчанын тартыштыгын жүйө келтиришүүдө. Бирок мындай көйгөйлөргө карабай, жумуш планы толтурулуп жатат.

Жумушчулар жамааттын таламын талашкан активисттерди жетекчилик иштен кетирүүнү көздөп жатканын айтышууда. Алар куугунтук көрсөтүп жаткан «Бургылау» компаниясынын башкы директору Асхат Сариевдин отставкасын талап кылышууда. «Жумуш саатыбызды кыскартышууда, Ишканада 2200 киши иштейт. Биринчи жарым жылдыкта 66 адамды жумуштан кетиришти», — деди оператордун жардамчысы Акылбек Нурлыбаев.

Чогулгандар ишкананын кесиптик кошуунуна ишенбей тургандыктарын, андыктан алардын ишине Садуакас Беккалиевди кийлигиштирүүнү айтышты. Бул адамды жумушчулар өздөрү кошуун лидери катары шайлап алышкан. Ишчилер төртүнчү күн катары менен каршылык көрсөтүп жатышканын, бирок жергиликтүү бийлик менен жумуш берүүчүлөр ММК өкүлдөрү келгичекти аларды тоготпой коюшканын билдиришти.

Окуя болгон жерге келген «Бургылау» компаниясынын башкы директору Асхат Сариев ишканадагы куугунтуктоо жөнүндөгү кептер чындыкка дал келбесин айтты.

XS
SM
MD
LG