Ссылки доступа

Өзбекстанда Эгемендик күнүнө карата балатылар боёлуп жатат


Ташкентте балатыларды боёп, шаар 1-сентябрда боло турган Эгемендик күнүнө даярданууда. Учурда боёкко чулганган ондогон балатыларды көрүүгө болот.

Өзбекстанда балатыларды бир нече жылдан бери отургузушат. Ага чейин шаардыктарды күндүн ысыгынан чынар теректер жана башка жалбырактуу дарактар коргоп келген. Ийне тикендүүлөр бул милдетти аткарбайт жана шаарга байырлап кете албай куурап калышат. Ага карабай өжөрлүк менен тигүүнү улантышууда.

Аларды маал-маалы менен боёп турушат. Бир чоң балатыны ойрон кыла турчу ишти аткарууда алты баллон аэрозоль боёгу жумшалат.

Биологдордун айтымында, бактарды боёгонго болбойт. Алардын тамырына доо кетет. Натыйжада балаты эрте куурап калат.

XS
SM
MD
LG