Ссылки доступа

Тажик кызды өлтүргөн орусиялык офицер 12 жылга кесилди


Орусиянын аскердик соту офицер Иван Щербаков Дүйшөмбүнүн 22 жаштагы тургуну Шоира Жобированы өлтүргөн деп таап, 12 жылга эркинен ажыратты. Мындан тышкары ал маркумдун үй-бүлөсүнө маралдык зыян иретинде 1,5 млн. рубль компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Соттун өкүмүнө ылайык, Иван Щербаков Красноярск крайынын түзөтүү колонияларынын биринде жазасын өтөйт. Шоира Жобированын туугандары чечимге канаатанганын билдиришти.

Орусия аскер базасынын офицери Иван Щербаков өткөн жылы ноябрда Шоира Жобированын мерт кылууга шектелип кармалган. Зордук менен өлтүрүлгөн кыздын денеси 11-ноябрда Тажикстандын Коргоо министрлигинен жакындарына өткөрүлүп берилген. Моргдун кызматкерлери Шоиранын жаагы сынып, желкеси жана көзүнүн алды көгөрүп, бир буту чыгып кеткенин айтышкан.

Адам өлтүрүүгө шектелген жаранды психологиялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн дароо Екатеринбургга жөнөтүшкөн. Ал беш айга созулган. Март айында дарыгерлер анын акыл-эси соо деп табышкан соң Дүшөмбүгө алып келишкен.

XS
SM
MD
LG