Ссылки доступа

Орусиялык чемпион Эл аралык жеңил атлетика федерациясы менен соттошот


Олимпиаданын эки жолку чемпиону Елена Исинбаева Адам укуктары боюнча Европалык сотко кайрылууга даяр экенин билдирди. Ал Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерациянын Олимп оюндарына катышууга уруксат бербөө чечимин талашарын "Интерфакс" маалымдады.

Буга чейин атлетчи федерация аны Рио-де-Жанейродогу мелдештерден четтеткенин жарыялаган. Күн мурун спорт министри Виталий Мутконун тыюу салынган медикаменттерди колдонбогон спортчуларды Олимпиадага жиберүү өтүнүчүнө Жеңил атлетика ассоциацияларынын эл аралык федерациясы “жок” деген жооп кайтарган.

Орусиянын улуттук командасын толугу менен Олимпиадага катыштырбоону Допингге каршы эл аралык агенттик – WADA өтүнгөн. Агенттик жакында жарыялаган иликтөөдө орусиялык лабораториялар тыюу салынган заттарды колдонгон спортчулардын анализдерин атайлап жашырышканы айтылган. Жергиликтүү спортчуларды Сочи Олимпиадасындагы көрсөткүчтөрүн жакшыртууну көздөгөн андай бурмалоолорго коопсуздук кызматтар да аралашканы белгиленген.

Бүгүнкү күнгө карата Олимпиадага катышуу укугунан 100 орусиялык спорчу ажыратылды.

XS
SM
MD
LG