Ссылки доступа

Бала өлтүргөн өзбекстандык аялдын камак мөөнөтү узартылды


Москва соту төрт жашар кызды өлтүрүүгө айыпталып жаткан Гүлчехра Бобокулованын камак мөөнөтүн 29-августка чейин узартты.

Бүгүн психиатриялык экспертиза Бобокулованы акыл-эсинен ажыраган деп тапты. ТАСС маалымдагандай, айыпталуучу өз мекенинде дарыланууну суранган. Баш коргоо чарасын караган соттун өткөндөгү отурумунда Бабакулова шизофрения боюнча Өзбекстанда дарыланганын жана Самарканддагы психоневрологиялык диспансерде каттоодо турганын билдирген.

Бобокулова 2016-жылы 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган. Ага жаш баланы өлтүргөн деген айып тагылган.

Бобокулова күнөөсүн моюнга алып, мындай аракети менен ал Сириядагы согуш үчүн Орусия президенти Владимир Путинден өч алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG