Ссылки доступа

Тажикстанда бюджеттин эсебинен автоунаа сатып алуу токтоду


Тажикстан каржы министри Абдусалом Курбониён бугун маалымат жыйынында ички аудит 7 миллион сомони максатсыз колдонулганын аныктаганын билдирди.

Министрдин айтымында, президенттин бюджеттик чыгымдарды 450 миллион сомониге кыскартуу тапшырмасын аткаруу максатында автоунаа сатып алуу токтотулат. Эмерек жана имараттарды куруу чыгымдары мындан ары Социалдык камсыздандыруу агенттигинин эсебинен жүргүзүлөт.

Мындай жол менен 450 сомони үнөмдөөгө болот. Мурдараак Тажикстан президенти Эмомали Рахмон быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизип, чыгымдарды кыскартууну буюрган.

Министр өнөктөш өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык каатчылык жана ар кыл тышкы факторлор Тажикстан экономикасына абдан таасир этип жатканын моюнга алды. Ал биринчи жарым жылдыкта бюджет 8,2 миллиард сомониге же 99,4 пайызга аткарылганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG