Ссылки доступа

Хиллари Клинтон президенттикке талапкерликти расмий кабыл алды


АКШ тарыхындагы өлкө башчылыгына алгачкы аял талапкер Хиллари Клинтон Демократиялык партиянын съездинде жыйынтыктоочу сөзүн айтып, президенттикке болгон расмий талапкер болду.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып ал өзүн мамлекетти башкаруу үчүн керектүү болгон бардык сапаттарга жана тажрыйбага ээ, бириктирүүчү ролду ойной турган лидер катары көрсөттү.

Клинтон негизги атаандашы, Республикалык партиядан талапкер Доналд Трампты өлкөнү башкарууга даяр эмес, “бир аз гана чагым болсо чыдамын жоготуп жиберген” адам деп атады.

- Бардык маселени өзүм чече алам деп төшүн каккылаган адамга ишенбегиле. Америкалыктар антип айтпайт. Биз “көйгөйлөрүбүздү чогуу чечебиз” деп айтып жатабыз”, - деди Клинтон.

Бейшембинин кечинде өткөн съезд Демократиялык партиянын ички биримдигин көрсөттү. Клинтондун номинация боюнча атаандашы Берни Сандерстин тарапкерлери Клинтонго каршы чыгат деген кооптонуулар ишке ашкан жок.

Бирок Хиллари Клинтондун алдында элдин Барак Обаманын тушунда алсырап кеткен экономика, терроризм коркунучу сыяктуу маселелерден улам чөгүп турган маанайын жакшы нукка буруу деген чоң маселе турат.

АКШда президенттик шайлоо быйыл ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG