Шон Дейли 2006-жылы Oxus Gold компаниясында иштеп жүргөндө Бишкекте ага ок тийип, үч ай ооруканада жатып чыккан. Дейлинин арызын Британ соту карап чыккандан кийин Максим Бакиевдин бул кылмышка аралашканына далил жок деп таап, аны актады.
2006-жылы баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Оксус" компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болгон. 2014-жылы Кыргызстандын соту мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын улуу баласы Марат Бакиев Дейлиге кол салууну уюштурган деп таап, сыртынан 20 жылга эркинен ажырткан өкүм чыгарган. Ал эми Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан кесилген.