Ссылки доступа

Алепподо оппозиция өкмөттүк күчтөргө сокку урууда


Сириянын Алеппо шаарында жекшемби күнү куралчан оппозиция топтору калаанын басымдуу бөлүгүн кармап турган өкмөттүк күчтөргө чабуул кое баштады. Associated Pressтин маалымдашынча, кагылышуулар шаардын бир нече бөлүгүндө жүрүп жатат.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюм жекшембиде оппозициянын карамагындагы райондор өкмөттүн соккуларына кабылганын билдирди.

Сириядагы экинчи чоң шаар деп эсептелген Алеппонун райондору президент Башар Асадга караштуу күчтөр менен оппозициялык куралчан топтордун карамагында. Эки апта мурда өкмөттүк күчтөр оппозициянын карамагындагы райондорго кетчү башкы жолду тороп салган. Мындан улам жүз миңдеген адамдар суусуз жана азык-түлүксүз калышкан.

XS
SM
MD
LG