Мындан тышкары президент азырынча сөзү жазыла элек музыкалык чыгарманы иштеп бүтүп калды.
Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин эле ырчылык талантын ачыкка чыгарган. 2011-жылы “Ак гүлдөрүм сага арналат” аттуу чыгарманы аткарып чыккан. Ал мунун сөзүн дагы өзү жазганын айткан эле. Бирок 2009-жылы эле аталган ырды түрмөн ырчысы Довлет Аманлыков ырдап жүрчү. Бул арада президент ди-джейдин ролун дагы аткарып көргөн жайы бар.
Түркмөн башчы ырларын ырааттуу түрдө жарыялап турат. Маселен, “Алга, алга, алга гана менин сүйүктүү мекеним — Түркмөнстан” ырына 2015-жылы обон чыгып, бир эле маалда 4000ден ашуун адам аны аткарган. Буга байланыштуу ал Гиннестин рекорд китебине илинген. Ыр азыркы тапта Түркмөнстандын урааны болуп саналат.
Мунун менен эле президенттин адабий жетишкендиктери бүтүп калбайт. Гурбангулы Бердымухамедов отуздан ашуун китептин автору, буларды ал 2007-жылы президент болгондон кийин жазган.