Расмий маалыматтарга караганда, кумшекердин наркы - 65,5 %, акшак -40,4 %, нан - 27,1 %, жашылча-жемиш – 16,7 % жана ун – 12,4 % жогорулады.
Комитет коммуналдык төлөмдөр дагы көтөрүлгөнүн билдирет. Статистикалык маалыматтар боюнча быйылкы жылдын жети айында канализация үчүн тарифтер 25,3 %, муздак суу - 12,4 %, таштанды төлөмдөрү 11,8 % , борбордук жылуулук берүү кызматы -7,3 % кымбаттаган.
Өткөн айда Дүйнөлүк банк “Казакстан. Калыптанууга карай узак жол” аталышындагы баяндамасын жарыялаган. Анда эксперттер күнүмдүк керектелүүчү эң негизги товарларга жана кызматтарга болгон баалардын жогорулашына тынчсызданганын билдиришкен. Дүйнөлүк банктын адистери Казакстан калкынын 14 % жакыр жашайт деп эсептейт.