Ссылки доступа

Кореяда өзбек балдардын жүрөгүнө акысыз операция жасалат


«Дени сак муун үчүн» деп аталган эл аралык бейөкмөт кайрымдуулук фонду балдарга жардам берүү боюнча медициналык программаларды ишке ашырууну улантууда.

Фонддун негизги жана ишеничтүү өнөктөштөрүнүн бири Кореядагы эл аралык Junior Chamber International жаштар уюму. Ошондой эле Ча университетинин алдындагы Пундан Ча ооруканасы көмөк көрсөтүп келет.

2016-жылдын 25-майында Ташкентте жүрөк дарты бар 27 бала текшерилген. Бул тууралуу Podrobno.uz кабарлаган. Алардын арасынан 2ден 14 жашка чейинки төрт бейтап операция жасоо үчүн Кореяга чакырылган.

JCI-Korea уюмунун кызматташтыгы алдында Пундан Ча ооруканасында 2008-2015-жылдар аралыгында кайрымдуулук негизде 56 кишиге операция жасалган.

XS
SM
MD
LG