Ссылки доступа

АКШ Сирияда уулуу газ чачылды деген билдирүүлөрдү изилдеп баштады


АКШ Сириянын Саракеб шаарына уулуу газ камтыган контейнер ташталып, андан 33 жай тургун жабыркады деген билдирүүлөрдү изилдөөгө алды. Мамдепартаменттин өкүлү Жон Кирби билдиргендей, “эгер бул чын болуп чыкса,өтө олутуу маселе болот”.

Идлиб провинциясында орусиялык Ми-8 тик учагы атып түшүрүлгөн жерде болжолу хлор салынган контейнер ташталганын “Сириянын жарандык коргонуусу” деп аталган ыктыярчылардын тобу билдирип чыкты. Ал Youtube’га тасма чыгарып, аба жетпей тумчугуп жаткан адамдарды көрсөткөн. Ууланган адамдарга куткаруучулар кычкылтек өткөргөн беткаптарды таркатып жатканын көрүүгө болот. Контейнерлер ташталганын сириялык укук коргоочулар дагы билдиришти. Оппозициядагы Сириянын улуттук коалициясы бул кылмыштын артында президент Башар Асаддын режими турат деп эсептейт. Өкмөттүк САНА агенттиги болсо козголоңчулар Алеппо шаарына газ камтыган ракеталарды учуруп, жыйынтыгында 5 жай тургун каза тапканын, дагы сегизөө дем алуудан кыйналып жатканын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG