Ссылки доступа

Казакстан: Сейфуллинодо кыз зордукталды деген кептер тастыкталган жок


Түштүк-Казакстан облусунун акими Бейбут Атамкулов Сейфуллино айылында ыкчам штабдын отурумун өткөрүп, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Ал жерде акыркы эки күндүн ичинде бир нече нааразылык акциялары өттү.

“Облус акими медициналык экспертизанын жыйынтыгын окуп берди. Ага ылайык, бойго жете элек кыз зордукталганы тастыкталган жок. Аким бул окуянын криминалдык мүнөзү бар экенин айтып, айыл жашоочуларын ушактарга ишенбөөгө чакырды”, - деп басма сөз кызматы билдирди. Айыл тургундарынын алдына облустун прокурору Ибрагим Иманов дагы чыгып сүйлѳгѳнү айтылууда. Ал “туруктуулукту сактап, укук бузууларды алдын алуу боюнча чаралар кѳрүлгѳнүн” белгиледи.

Ералиев айыл аймагындагы нааразылыктар 1-августка караган түнү Сейфуллино айылында өспүрүм бала кичинекей кызды зордуктап койду деген кептер чыккандан кийин башталган. Полициянын маалыматы боюнча тартип бузуулардын жыйынтыгында үч адам жарадар болду. 2-августка караган түнү Дихан айылында үч үй жана бир нече унаа өрттөлдү. Полициянын билдиришинче учурда абал туруктуу. Бирок “Азаттыктын” кабарчысы тактагандай, Сейфуллиного аскерий техника киргизилип, чоочундарды өткөрбөй жатат.

XS
SM
MD
LG