Ссылки доступа

Кыргызстанда “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн камоо уланды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Элдик парламенттин” дагы бир мүчөсү Тойгонбек Калматовду кармады.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Дин иштери боюнча мамагенттиктин мурунку жетекчиси бийликти басып алууга аракеттенип, бийлик өкүлдөрүнө карата күч колдонууга даярданып жаткан деп айыпталууда.

“Элдик парламенттин” эң активдүү лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев жана Марат Султанов май айында алгачкылардан болуп камалган. Ага чейин интернетте алардын сүйлөшкөндөрүн көрсөткөн видео жана аудио жарыяланган.

Парламенттин мурунку төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикиринде, олуттуу далилдер жок болгондуктан тергөө созулуп жатат. Ушул себептен улам иш соттун кароосуна түшпөй жатышы мүмкүн. “Мен алардын күнөөсүн далилдей албай жатышат деп ойлойм. Анткени, сүйлөшүүлөрү жазылып алынганынан башка эч нерсе жок. Экинчиден, бул көз көрүнөө камоо болгон сыяктуу. Бийликке каршы чыккандын баары минтип камалат дегендей. Алар азыр Конституцияны өзгөртөйүн деп жатпайбы. Баары ушуга байланыштуу болушу ыктымал”, - деди ал.

Бирок парламенттин депутаты Алмамбет Шыкмаматов эсептегендей, иш сотко чейин жеткенде коомчулук билбеген шарттар ачыкка чыгышы мүмкүн.

“Элдик парламент” быйыл апрелде пайда болгон. Бул уюм бийликке да, оппозицияга да баш ийбей турганы айтылган. Кыймылдын мүчөлөрү аянтта митинг өткөрүп, 50-60 миң киши чогултууну көздөп жаткан. Ал эми лидери Бекболот Талгарбеков болсо аларды бийликке жакын болгон орус генералдары колдоп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG