Ссылки доступа

Сириядагы урушка катышкан кыргызстандыктар 600дөн ашты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, ушул тапта Сириядагы согуштук аракеттерге аралашып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашты. Алардын 70тен көбү каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди:

-Ал жактан Кыргызстанга кайтып келген 20 жаран аныкталды. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, иликтөөлөр жүрүп жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы террордук топторго кошулган кыргызстандыктардын жүздөн ашууну аялдар.

XS
SM
MD
LG