Ссылки доступа

Тажикстанда орус аскерий базасынын жоокери өлтүрүлдү


31-июлга караган түнү Тажикстандын Курган-Төбө шаарында Орусиянын 201-аскерий базасынын жоокери өлтүрүлдү. Офицерлердин бири “Азаттыктын”  тажик кызматына бул кабарды тастыктап, окуя “Карина” ресторанында жекшембиге караган түнү болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, орус жоокери менен тажик жаштардын ортосунда кайым айтышуу болуп, жыйынтыгында аскерди өлтүрүп салышкан. Азырынча жоокердин аты-жөнү жана өлүмүнүн чоо-жайы так белгилүү эмес. Анын сөөгү учурда кайсы жерде экени да беймаалым.

Окуяда баңги заттарга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкери дагы жарадар болгон. Агенттиктин Курган-Төбөдөгү кеңсеси бул кабарды тастыктады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, “Карина” орус аскерий базасынын жоокерлеринин сүйүктүү эс алуучу жайы. Дем алыш күндөрү алар топтошуп алып барып турушат.

XS
SM
MD
LG