Ссылки доступа

Олимп оту Рио-де-Жанейрого келди


Олимпиада оту Рио-де-Жанейро шаарына жеткирилди. Бразилия курамасынын жел кайык спорту боюнча жети катышуучусу жанган отту жээке алып келишти. Аларды калаа мэри Рио Эдуард Паэс аялы Кристин, балдары Бернарду жана Изабелла менен тосуп алды.

Мэр факелди жандырып, бир нече мүнөт жүрүш жасады. Андан соң ал эстафетаны спорттук окуу жайдын 15 жаштагы студенти Ребеке Мораэс душ Сантоско узатты.

Олимп оту 2016-жылдын 3-майынан баштап Бразилиянын бүт аймагында саякат жасап, 5-августта Олимпиаданын ачылыш аземине келет. Факел Бразилиянын 300дөн ашуун ири жана чакан шаарларын кыдырат.

Рио-де-Жанейро мэриясы 4-августту расмий түрдө эс алуу күнү деп жарыялады. Дал ушул күнү эстафетанын катышуучулары шаар ичинде көп жүрүш жасашат. Жергиликтүү бийлик жолдордогу олуттуу тыгындын алдын алуу үчүн ушундай кадамга барды.

Жайкы Олимпиада Бразилияда 5-21-август аралыгында өтөт. Бул Түштүк Америкадагы алгачкы Олимп оюндары болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG